2025-05-24 13:04:20 54
2025-жылдын 15-майынан 21-майына чейин ИПКнын гуманитардык-педагогикалык бөлүмүнүн математикалык дисциплиналардын циклдык комиссиясы «Математика – акыл оюнун ачкычы» деген аталыштагы «Математикалык жумалык» өткөрдү. Жумалыктын алкагында 9 база 1-курстар арасында математика боюнча олимпиада уюштурулду, 21-май күнү «Математика – акыл оюнун ачкычы» деген аталыштагы математикалык кече болуп өттү. Математикалык кечени МДЦКнын төрагасы доцент К.Байгазиев ачып берди жана илимий баяндама жасады. Андан кийин “Эки акыл бир жооп” деген аталыштагы эгиздер арасындагы акыл таймашы өткөрүлдү жана тайпалар аралык өткөрүлгөн «Математика жашоодо» деп аталган видеороликтердин конкурсунун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.