2025-05-24 12:07:56 113
ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучулары академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында 16-майда Өзбекстандын Анжиян мамлекеттик педагогикалык инстутутуна иш сапар менен барышты. Алар университеттин окуу процесси жана окутуучулардын тажрыйбалары таанышты. Ошондой эле кесиптик байланыштарды түзүү менен ЖОЖдордо окутуунун заманбап ыкмаларын талкуулашты. ИПКнын окутуучулары студенттерге математиканы окутуунун методдору жана сүрөт өнөрүн жана технологияны окутуунун теориясы жана методикасы, Дизайн дисциплиналары боюнча мастер-класстарды өтүштү. Мындан тышкары методикалык материалдар менен алмашты. Тараптар келечектеги кызматташтыкты улантуу ниетин билдиришип, онлайн-семинарларды, биргелешкен долбоорлорду жана илимий публикацияларды уюштуруу боюнча план түзүштү