ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТАШКЕНТ ШААРЫНДАГЫ"ТҮРК ЭЛДЕРИНИН ФОЛЬКЛОРУНУН САЛЫШТЫРМА ПРОБЛЕМАЛАРЫ" АТАЛЫШЫНДАГЫ ИЛИМИЙ-ТЕОРИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

2025-05-23 06:33:36 28

Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинин филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучулары Абышова Айгүл, Хамидова Махпират,Шаимкулова Өмүркан, Кадырова Орозгүл,Жарматова Муккаддас,Эргешова Нурзат,Садык кызы Жанылмырза,Асанбаева Берметтер эл аралык байланыштарды бекемдөө жана жаш окутуучулардын илимге кызыгуусун жогорулатуу максатында 2025-жылдын 4-5-май күндөрү Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарындагы илимдер академиясынын өзбек тили, адабияты жана фольклор институтунда белгилүү адабиятчы, профессор Жаббор Эшанкуловдун 60- жылдыгына арналган “Түрк элдеринин фольклорунун салыштырма проблемалары” аттуу илимий-теориялык конференцияга катышышты.