2025-05-15 04:00:02 42
12.05.2025 Жаңы иш күнү — жагымдуу жаңылыктар менен башталды! Бүгүн, май айындагы эс алуудан кийинки алгачкы жумуш күнүбүздө кубанычтуу учур болду. Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучуларына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту (РИПК) тарабынан 2025-жылдын 10–20-февралында уюштурулган “Ийгиликтүү карьера үчүн XXI кылымдын көндүмдөрүн («катуу» жана «жумшак») калыптандыруу” аттуу 72 сааттык курсту ийгиликтүү аяктагандыгын тастыктаган сертификаттар берилди. Сертификаттарды РИПКнын Инновациялык технологиялар борборунун башчысы Артыкбаева Гульмира Эрматовна жана колледждин директору, ф.и.к., доцент Манашов Мирлан Эсенбаевич тапшырды.