2025-05-13 05:47:14 55
Филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын жана көп тилдүү билим берүү программасынын иш планына ылайык 2025-жылдын 26-апрелинде Башталгыч класстарда окутуу адистигинин студенттеринин катышуусунда эне тили предмети боюнча 1-аймактык олимпиада болуп өттү. ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору доцент Э.А.Эшаров олимпиаданын салтанаттуу бөлүгүн ачып, бул орто билим берүү багытындагы 1-саамалыкты ар бир окуу жылында салтка айландыруу зарыл экендигин белгиледи. Олимпиадага орто кесиптик билим берүү багыты боюнча “Башталгыч класстарда окутуу” адистигин даярдаган төмөндөгү колледждер катышты: 1. Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжи; 2. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжи 3. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Ош шаарындагы ГТИФнын орто кесиптик билим берүү бөлүмү; 4. Көп профилдүү колледжи; 5. Мурас инновациялык колледжи; 6. ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжи. Жобого ылайык олимпиаданын 1-2-туру катышуучу ар бир колледждин өздөрүндө өткөрүлдү. 3-турга жалпысынан кыргыз тилдүү тайпалардан 18 студент, орус тилдүү тайпалардан 18 студент катышты. Жыйынтыгында кыргыз тилдүү тайпалардан 1-орунду ИПКнын студенти 2-орунду ИПКнын жана ОшМПУнун студенттери 3-орунду КНУнун студенттери алышкан болсо орус тилдүү тайпалардан 1-2-орунду ИПКнын студенттери ээлесе 3-орунду КӨЭАУККнин студенттери алышты. Кыргыз тилдүү студенттерди даярдаган окутуучулар А.У.Мамасадыков, Садык кызы Жаңылмырза, орус тилдүү студенттерди даярдаган окутуучулар А.О.Абышева, Ө.Р. Шаимкулова. Студентердин ийгилиги окутуучулардын ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчү болуп саналат. Жетишкен ийгиликтери менен кеиптештерибизди жана студенттерибизди кызуу куттуктайбыз! Ар бир иште ийгиликтер ИПК менен бирге болсун! Ал эми олимпиаданын жүрүшүндө төрагалык кызматты ФДЦКнын окутуучусу З.К.Аскаров атайын тажрыйбалуу, компетенттүү адистерден турган өзүнүн жумушчу тобу менен иш алып барды. Соңунда 2-аймактык олимпиаданы өткөрүү эстафетасы “Мурас” инновациялык колледжине берилди. Ар бир катышуучу колледжге Ош МУнун индустриалдык-педагогикалык колледжи менен кызматташкандыгы үчүн “Ыраазычылык баракчасы” ыйгарылды.