2025-04-23 08:37:26 11
15-19-апрель күндөрү Өзбекстан Республикасынын Ташкент мамлекеттик транспорт университетинин өзбек (орус) тили кафедрасынын башчысы, PhD, доцент Хасанова Вазира Хамиджановна ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин студенттерине «Организация работы по формированию функциональной грамотности студентов при обучении русскому и родному языку» деген темада мастер-класс өттү. Катышкан студенттер мастер-класста өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүшүп, бир топ маалыматтарды алышып, аларды практикалап жатышты. Мастер-класс студенттерди кызыктыруу менен бирге академиялык өнүгүүнү жана маданияттуу баарлашууну, ошондой эле достук мамилени чыңдоо үчүн академиялык мобилдүүлүккө өбөлгө түзүлдү. Мындын сырткары, ОшМУда түзүлгөн Өзбек тили борборуна барып, ал жер менен таанышып, борборду жетектеген Исманова Акибаткан эжекебиз жасалып жаткан алгылыктуу иштер менен тааныштырып, алдыда боло турган иш чаралар боюнча да маалымат берип кетти. Педагогикалык чеберчиликтери менен бөлүшкөн Вазира Хамиджановнага узун өмүр, чың ден соолук, иштерине чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.