2025-04-09 02:43:42 42
2025-жылдын 8-апрель күнү Ош көп профилдүү колледжинде "Жаңы технологиялар келечекти аныктайт" - деген темада, студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция Ош шаарындагы колледждердин арасында болду. Биздин колледжден "Мектепке чейинки билим берүү" адистигинин 3-курсунун студенттери Абдимомунова Мырзагүл жана Абдурашитова Мастура катышып, Мырзагүл 1-даражадагы диплом, Мастура сертификат менен сыйланды. Студенттерди даярдаган педагогикалык жана психологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучусу Талай кызы Үмүт.