2025-02-14 06:03:21 159
ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин Аялдар кеңешинин иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарада колледждин окутуучусу Г. Мадалиева тарабынан даярдалган "Кыз адеби-кымбат" деген темада презентация көрсөтүлүп, Аялдар кеңешинин төрайымы Ташболотова Нуржан кыздардын адеп-ахлагы боюнча өзүнүн акыл-насаатын айтып өттү. Ошондой эле бул иш-чарага колледждин окутуучусу Г. Борубекованын демилгеси менен Ош шаарындагы адам репродукциясы борборунун акушер-гинеколог дарыгерлери Мамытова Жайнагүл Тургуновна жана Муратова Нуркыз Исманалиевналар келип, ар дайым ден соолукта болуунун жолдорун жана кыздардын гигиеналык эрежелери жөнүндө маалымат беришти. Дарыгерлер семинардын жүрүшүндө кыздардын суроолоруна жооп беришти.