2024-12-23 14:52:38 72
Адабий-музыкалык кечеде окутуучулар жана студенттер кыргыз адабиятындагы мыкты аялдардын образдарын сахналык көрүнүш аркылуу көрүүчүлөргө тартуулашты. Иш чаранын максаты — көрүүчүлөргө көркөм өнөр аркылуу кыргыз адабиятынын байлыгын жана аялдардын коомдогу ордун даңазалоо. Кыргыз адабиятынын улуу мурастарын даңазалап, жаштар арасында мекенчилдикти, улуттук маданиятка болгон сый-урматты күчөтүүгө багытталган. Кечеде мыкты сахналык көрүнүштөрдү аткаргандарга “Ыраазчылык” каттар берилди. Ошондой эле колледжде кыргыз тилининен сабак берген беш окутуучуга Ош шаардык кеңешинин депутаты Гулмира Бекташова акчалай сыйлыктарды тапшырды.