ОшМУ, ИПК, Окутуучулардын билимин өркүндөтүү жана кайра даярдоо бөлүмү. 2024-жыл, 5-декабрь. КРнын “Өкмөттүк Акселераторлор” программасы.

2024-12-07 07:42:45 22

ОшМУ, ИПК, Окутуучулардын билимин өркүндөтүү жана кайра даярдоо бөлүмү. 2024-жыл, 5-декабрь. КРнын “Өкмөттүк Акселераторлор” программасы. 2024-жылдын 25-ноябрынан 5-декабрына чейин Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинде Кыргыз Республикасынын “Өкмөттүк Акселераторлор” программасынын алкагында “Үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу” боюнча жеке ишкерлер үчүн 72 сааттык атайын окуу (тренинг-семинар) болуп өттү. Аталган окууга Ош шаарынын оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун балдар жана өспүрүмдөр гигиенасы бөлүмүнүн башчысы, санитардык дарыгер Н.Т.Таалайбекова, дарыгердин жардамчысы М.Б.Алибаева; КРнын ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өрттүн алдын алуу жана өрт коопсуздук эрежелерин калк арасында жайылтуу бөлүмүнүн кызматкерлери С.Турсунбаев жана Н.Урбай уулу, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын “Өкмөттүк Акселераторлор” программасы боюнча жооптуу адиси Б.А.Айдаровалар катышып, “Үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу” боюнча жеке ишкерлерге тиешелүү кенештерди беришти. Курстун катышуучулары “Билимдүү муун” платформасына катталып, программада көрсөтүлгөн тесттик тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу менен электрондук сертфикаттарга ээ болушту. Ал эми курстун тренери педагогика илимдеринин кандидаты, психология кафедрасынын доценти, мектепке чейинки билим берүү боюнча эксперт, мастер-тренер Т.А.Умурбекова, тренердин жардамчылары ИПКнын педагогикалык-психологиялык дисциплиналар циклынын окутуучулары К.Алибекова, Талай к.Ү. болду. Курстун угуучулары КРнын “Өкмөттүк Акселераторлор” программасынын алкагында “Үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу” боюнча КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин аткарып жаткан иштерине, деги эле мектепке чейинки билим берүүгө болгон мамилеге өзгөчө ыраазычылык билдиришти.