2024-11-19 15:34:24 24
Индустриалдык-педагогикалык колледжинин филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясы тарабынан 23-Сентябрь -Мамлекеттик тил күнүнө карата жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн-100 жылдыгы,10-ноябрь- Илим күнүнө карата "Кыргыз тили-билим, маданият жана илимдин тили" аттуу студенттердин илимий семинары 2024-жылдын 14- ноябрда уюштурулду. Семинарга ОшМУнун Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Шарипова Мастура Сайпидиновна. Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башкы адиси Анарбаева Гулжамал Маматовна, Байтикова Бактыгүл Батырбековналар илимий конференцияга катышкан студенттерге илимге таштаган кадамдарына ийгиликтерди каалап 30-ноябрда ОшМУнун башкы корпусунда өтүлүүчү илимий конференцияга катышууга даяр экендиктерин баса белгиледи.