23- СЕНТЯБРЬ- МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА "МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ- УЛУТТУН УҢГУСУ" АТТУУ ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

2024-11-19 13:22:20 26

23- Сентябрь -Мамлекеттик тил күнүнө карата " Мамлекеттик тил -улуттун уңгусу" аттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүүгө салым кошкон кыргыздын улуу инсандары эскерилип, студенттер тарабынан көркөм окуу, элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрү көрсөтүлдү жана "Сабаттуу жазалы", "Китеп окуу" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Ош мамлекеттик университенинин Мамлекеттик тил жана социядык иштер боюнча проректор, педагогика илимдеринин кондидаты, доцент Шарипова Мастура Сайпидиновна ОшМУнун "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн-100 жылдыгына карата мамлекттик тилдин үч айлыгынын алкагында жүргүзүлүүчү иштер алдыда экендигин баса белгилеп колледждин жалпы жамааты ар бир иш-чарага жоопкерчиликтүү мамиле жасап жаткандыгын белгилеп өттү. Ошондой эле сүйүктүү колледжибиздин директору, философия илимдеринин кандидаты, доцент Манашев Мирлан Эсенбаевич. Колледжибизди гуманитардык-педагогикалык бөлүмдүн башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Анарбаева Гүлназ Араповна Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгы менен куттуктап, филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын жалпы жамаатына ыраазычылыгын айтып, студенттердин эмгегин өзгөчө баалап өттү.